super.kg logo

Дем алыш күндөрү жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт

 

Кыргызстанда дем алыш күндөрү жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын атайын адистештирилген ротасы дем алыш күндөрү жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөлдү күчөтүүдө.

Айрыкча, Бишкек-Кордой жана Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолдоруна кайгуул күзөттөрүн күчөтүп, мас абалында унаа башкаргандарга, ылдамдыкты ашырып айдагандарга жана каршы тилкеге чыгуу менен одоно жол эрежелерин бузгандарга карата катуу чараларды көрүүдө.

Ошондой эле дем алыш күндөрү тоого чыккан жарандардын агымы көп болгондуктан эс алуу учурунда ичип алып унаа башкаруусуна жол бербөө иретинде ЖКККББнын борбордук аппаратынын кызматкерлери Бишкектин чет жакаларында рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: