Өзгөндө айыл эли имамга аргымак мингизишти




Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айыл өкмөтүндөгү борбордук мечиттин имамы, көп жылдардан бери диний кызматты аркалап келе жаткан Мубарак Маразыковго жергиликтүү тургундар ыраазычылык катары токулуу тулпар мингизишти. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Саамалык 15-июль күнү жума намазынан кийин өтүп, ага Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Калилидин Исаков, Өзгөн районунун имамы Акжол Бакиров, имамдар жана жергиликтүү тургундар катышты.
"Мечитибиздин имамы көп жылдардан бери ушул мечитте үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Мубарак Маразыков жүрүм-туруму менен өзгөчөлөнгөн инсан, бул киши баарыбыздын устазыбыз. Кандай гана маселе болбосун, биз ал киши менен кеңешип иш алып барабыз. Имамыбыз мындан ары да талыкпай эмгектене берет деп ишенебиз", – деп билдирди мечит жамаатынан Асанбай аксакал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.