super.kg logo

Түштүк Кореяда селден улам каза болгондордун саны 39га жетти

 

Түштүк Кореяда катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, анын кесепетинен 39 адам каза болду. Бул тууралуу Рёнхап агенттиги жазып чыкты.

Маалым болгондой, кечээ, 16-июлда куткаруучулар Осон шаарынын борбордук бөлүгүндө жер астындагы тоннелге тыгылып калган автобустан беш адамдын сөөгүн алып чыгышкан. Мындан сырткары, 685 метрлик тоннелде автобус менен 15 унаанын калып калганы жана анда 11 адамдын дайынсыз болуп изделип жатканы айтылды.

Өткөн аптада башталган жаандан улам жалпы 211 жол жабылып, өлкөнүн борбордук райондорун башка аймактар ​​менен байланыштырган ылдам жүрүүчү поезддердин кыймылы токтотулган. Ошондой эле 6 миңден ашык тургун эвакуацияланган.

Метеорологдордун билдирүүсүнө караганда, жамгыр бир катар борбордук жана түштүк аймактарда шейшембиге чейин уланышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: