super.kg logo

Кара-Сууда беш жаран гашиш менен кармалды

 

Кара-Суу районунда 3 килограммга жакын баңгизат алып жүргөн 5 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Ош ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан бир канча күн мурда Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө баңгизатты мыйзамсыз колдонуп, сатып жүргөн жарандар тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факты боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, Ош шаарынан кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Ж.у.Д аттуу Кара-Суу районунун тургуну кармалган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө баңгизаттарды сатуу каналдары жана аларды сактоочу жайлар аныкталып, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун башка тургундары: 40 жаштагы И.Н, 39 жаштагы Б.Т, 43 жаштагы Т.М жана 26 жаштагы О.у.А кармалган. Алардын үйлөрүн жана автоунааларын тинтүү учурунда 2 килограмм 869 грамм өзгөчө жыты бар зат табыган. Белгисиз заттарга соттук химиялык экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусуна ылайык алар гашиш баңгизаты экендиги аныкталган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилгени жана учурда тергөө амалдары уланып жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: