super.kg logo
  Спорт  

Футбол: Чет өлкөдө ойногон эки оюнчу кыргызстандык клубга өтүштү

 
Кыргызстандын улуттук курама командасынын чет өлкөлүк клубдарда ойногон спортчулары кыргызстандык "Абдыш-Ата" клубуна өтүштү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалым болгондой, Эрнист Батырканов менен Кайрат Жыргалбек уулу "Абдыш-Ата" клубунун курамына кошулду.
Улуттук курама команданын чабуулчусу 25 жаштагы Эрнис Батырканов буга чейин малайзиялык "Келантан Юнайтед" клубунда ойногон. Ал аталган клуб менен мурдагы сезондо 11 беттеш өткөргөн. Батыркановдун улуттук кураманын катарындагы алгачкы оюну 2018-жылы болгон. Ал Кыргызстандан атынан жалпы 22 беттеште оюн талаасына чыккан.
Ал эми Кайрат Жыргалбек уулу "Абдыш-Атага" чейин эки сезон бою Казакстандын "Аксу" командасында ойноп келген. 30 жаштагы футболчу улуттук кураманын атынан оюн талаасына чыгуу боюнча рекорддук көрсөткүчкө ээ. Ал Кыргызстандын атынан жалпы 61 оюнга катышкан, анын улуттук курамадагы тушоосу 2013-жылы сентябрда Белоруссияга каршы оюнда кесилген. Кайрат Жыргалбек уулу 2018-жылы "Кыргызстандын мыкты футболчусу" наамын жеңип алган.
Белгилей кетсек, Канттын "Абдыш-Ата" клубу Кыргызстандын премьер-лигасынын учурдагы чемпиону жана өлкө кубогунун ээси болуп саналат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: