super.kg logo

Бишкектин тургуну Фейсбуктан улуттар аралык кастыкты козуткан делип кармалды

 

Улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан улуттар, аймактар жана конфессиялар аралык негиздеги сабырсыздык көрүнүштөрүнүн фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында интернет мейкиндигинде жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында Фейсбук социалдык тармагында чагымчыл аккаунту аныкталды, ал өлкөнүн жарандарынын арасында кастыкты козуткан ар кандай материалдарды системалуу түрдө жарыялап турган.

"Бул аккаунт Бишкек шаарынын тургуну Ч.А.С. аттуу жаранга тиешелүү экени аныкталды. Ал мурда да бир нече жолу улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасап, алар үчүн сот органдары тарабынан 5 суткага административдик камакка алынган, бирок көрүлгөн чараларга карабастан өзүнүн мыйзамсыз иштерин уланткан.

Топтолгон материалдардын негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда айтылган Ч.А.С.тын мыйзамсыз аракеттерине соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, ага ылайык, анын басылмаларында улуттар аралык кастыктын белгилери, ошондой эле жарандардын улуту боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун белгилери бар экендиги такталды", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча 12-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Расалык, этностук, улуттук жана диний аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде кылмыш иши козголуп, 14-июлда козголгон кылмыштын алкагында Ч.А.С. кармалып, тергөө абагына камалган.

Учурда кылмыш ишинин алкагында комплекстүү зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.07.2023. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жанагы Улукбек деген популист блогерди төрөтканага жумушка орноштуруп көрбөйсүңөрбү, көрөлүк эмнени кыйратып жиберер экен.
17.07.2023. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
торотканаңдагы картайып калган коруп..р катындар кетиш керек....жаштарга оорун берип
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: