super.kg logo
  Саясат  

Ош. Шаар тургундарына кышка карата өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү баракчалары таратылды

 

Бүгүн, 12-декабрда Ош шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан даярдалган “Кышкы мезгилдеги өрт коопсуздугунун эрежелери” тууралуу  жазылган 800 даана сунуш баракчалары шаар тургундарына таратылды. Алар шаардын  Абжалов, Иминов, Чкалов, Гостелло, Рыспай Абдыкадыров, Гапар Айтиев, Арал, Демократия, Ош, Жаштар, Насирдин Исанов, Аскар Шакиров, Петров көчөлөрүнүн жана Туран кичи районунун аймагынын тургундарына таратылды.

Эске сала кетсек, буга чейин да шаарда мындай иш-чаралар уюштурулуп, жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 2717 адамга кышкы өрт коопсуздугун сактоо боюнча сунуш баракчалары таратылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: