super.kg logo

Жол карап "маршрутка" күтпөйсүз... "Менин шаарым" тиркемесине жаңы кызматтар кошулду

 

Эми бишкектиктер "Менин шаарым" мобилдик тиркемеси аркылуу борбор калаадагы түрдүү маселелер боюнча мэрияга арыз жөнөтө алышат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясы жаңы кызматтар менен толукталган "Менин шаарым" мобилдик тиркемесин ишке киргизди. Бул жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча автоматташтырылган маалымат системасы. Аталган тиркемени жүктөп алып, шаардыктар ал аркылуу турак-жай-коммуналдык чарба жана шаарды көрктөндүрүүнүн бардык маселелери боюнча арызын оңой жана түзмө-түз жөнөтө алышат.

Кабыл алынган арыздар дароо Бишкек шаардык мэриясынын тиешелүү кызматына келип түшөт жана арыз ээси реалдуу убакыт режиминде конкреттүү кызмат тарабынан арыздын аткарылышын контролдоо жана көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Арызга жооп 3 күндүн ичинде жөнөтүлөт.

Мындан тышкары, аталган тиркеменин колдонуучуулары коомдук транспорттун (автобустар, троллейбустар жана маршруттук таксилер) кыймылын көзөмөлдөй алышат. Тактап айтканда автобустардын, троллейбустардын жана маршруттук таксилердин каттам картасы, кайсы көчөдө келе жатканы жана канчасы каттамда жүргөнү даана көрүнүп турат.

Бишкек мэриясы шаардыктар үчүн жаңы ыңгайлуулуктарды түзө турган "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинин функционалдуулугун кеңейтүү боюнча иштер дагы да улантылып жатканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: