Беловодскийдеги психоневрологиялык балдар үйүнө Жаңы жылга карата белектер тапшырылды
КРнын өкмөтүнө
караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик (Кыргыз патент) кызматы Жаңы жыл алдында Беловодскийдеги психоневрологиялык балдар үйүнө атайын
белектерди тапшырды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы бүгүн,
12-декабрда кабарлайт.
Автор: Темирбек Матаев
Кыргыз патенттин кызматкерлери
тарабынан балдар үйүнө күрүч, мөмө, таттуулар, кийим жана кир жуучу каражаттар тапшырылган. Кызматкерлердин
айтымында, кайрымдуулук иши алгачкы ирет өтүп жаткан жок. Аталган ишкана жыл
сайын балдар үйүнө колдоо көрсөтүп турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

Рейтинг:
0

