Бишкектин көчөлөрүнө сугат түтүктөрүн орнотуу иштери уланууда





Бишкек шаардык мэриясы калаадагы көчөлөргө сугат түтүктөрүн орнотуу иштери кызуу уланып жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, "Бишкек суу чарба" муниципалдык ишканасы Дооронбек Садырбаев көчөсүнө Кара-Коо көчөсүнөн Абсамат Масалиев көчөсүнө чейин сугат түтүктөрүн орнотуу иштерин баштады.
Бул түтүктөр секундасына 40-50 литрге чейин суу өткөрүүгө жөндөмдүү.
Мекеме шаар тургундарынан магистралдык каналдарды, дренаждык жана ирригациялык тармактарды таштандыга толтурбоону суранат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.