super.kg logo

Түркияда студентке эркек болгону үчүн батирди ижарага бербей койгондорго сот чечими чыкты

 

Түркияда студент балага эркек болгону үчүн батирин ижарага бербей койгондорго карата сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалым болгондой, М.Ф.К. аттуу студент интернеттен батир ижарага берүү боюнча кулактандырууну көрүп калып, батирлерди ижарага берген А.У. аттуу жаранга кайрылган. А.У. батир кыз студенттерге гана бериле турганын билдирген. Ал эми М.Ф.К гендердик теңсиздикке кабылганын айтып Түркия адам укуктары жана теңдик уюмуна кайрылган. Андан соң жогоруда аталган батирдин ээсин, батирди ижарага берген адамды жана кулактандырууну чыгарган сайтты сотко берген.

Сот 6701-беренеге ылайык студентке жынысына байланыштуу басмырлоо болгонун билдирип, төмөнкүдөй чечим чыгарган:

“Арыз ээси гендердик теңсиздикке дуушар болуп, жынысына жараша дискриминацияга кабылган. Конкреттүү учурда кыймылсыз мүлк боюнча консультант А.У. өзүнө берилген көрсөтмөнү гана аткарганын айтканы менен, 6701-мыйзам боюнча басмырлоо аракети болгон”.

Ошондой эле сот окуя боюнча студенттин арызын канаттандырып, батир ээси менен батирди ижарага берип иштеген А.У. аттуу жаранга 6 миң лира, ал эми кулактандырууну интернетке чыгарган сайтка 89 миң 571 лира айып пул салып, жалпы 102 миң лира (340 миң сом) төлөөнү милдеттендирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: