Селекциядагы акциядан кийин камалгандардын бөгөт чарасы каралууда. Эртай Искаковдун адвокаты маалымат берди
Сокулук районунда жолду мыйзамсыз тосууну уюштурууга шектүү катары кармалган блогер Эртай Искаков өзүнө коюлуп жаткан айыптарга макул эмес. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда SUPER.KG порталына анын жактоочусу Алманбет Бексултанов билдирди.
Бексултанов Искаковго Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин экинчи бөлүгүнүн ("Бейбаштык, адамдар тобу тарабынан") жана 279-берененин ("Жолдорду мыйзамсыз тосуп алуу") негизинде айып коюлуп жатканын белгиледи.
"Эртай Искаковго жол жаап, башаламандык кылган деп жатышат. Эртай мырза Селекцияга барган учурда да, ал жактан кеткенден кийин да жол жабык болгон экен. Биз коюлуп жаткан айыптарга толугу менен макул эмеспиз. Эртайдын кыймыл-аракеттеринде кылмыштын курамы жок деп эсептейбиз", - деди Бексултанов.
Ошондой эле ал кармалгандардын бөгөт чарасы азыр каралганы жатканын кошумчалады.
Эске салсак, Сокулук району менен Бишкек шаары чектешкен Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары 14-июлда Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн торошуп, суу берүүнү талап кылышкан. Алар үч айдан бери таза сууга жетпей отурганын, маселе тез арада чечилбесе, жолду бууй турганын эскертишкен.
15-июлдун кечинде Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Сокулук районунда мыйзамсыз жол тосууну уюштурууга жана бейбаштыкка шектүү катары үч жаран кармалганын кабарлаган.
Мунун алдында Эртай Искаков 15-июлда суракка күбө катары чакырылып, милиция бөлүмүнө баратканын билдирген. Ал 14-июлда болгон нааразычылык акциясын видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыккан.
Эртай Искаковдун адвокаты маалымат берди



1 |