Президент Жапаров Конституциялык соттун чечимин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштады
Президент Садыр Жапаров "Конституциялык сот жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду коомдук талкууга койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам долбооруна ылайык, президент же Конституциялык соттун төрагасынын сунушу менен Конституциялык соттун чечими төмөнкү шартта кайра каралып, жокко чыгырылышы мүмкүн:
1) чечим кабыл алууга негиз болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченеми өзгөрсө;
2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;
3) чечим Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.
2. Конституциялык сот чечимди кайра кароо жөнүндө токтомду чыгарат, анда ал чечим жокко чыгарылат.
3. Конституциялык соттун чечимин кайра кароо жөнүндө маселени кароонун тартиби Конституциялык соттун регламенти менен аныкталат.”
Учурда Кыргызстанда 98-берененин 4-бөлүгүнө ылайык Жогорку соттун чечимдери акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.
Эскерте кетсек, буга чейин Конституциялык сот ар бир жаран 18 жашка толгондон кийин энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарган. Аталган маселе коомчулукта кызуу талкууга алынган.

