super.kg logo

Беш жаштагы Рамзан сөөк чучугунун клеткаларын алмаштыруу үчүн операцияга муктаж (видео)

 

Бишкек шаарынын Свердлов районунун тургуну 5 жаштагы Рамзан Аманбеков сөөк чучугунун клеткаларын (костный мозг) алмаштыруу үчүн операцияга муктаж. Бул тууралуу SUPER.KG порталына атасы Ринат Асанов билдирди.

Анын айтымында, баласы бул илдет менен бир жылдан бери күрөшүп келет. Баланын операциясын чет өлкөдө гана жасоого болот.

"Балам 4 жашында аталган илдетке чалдыгып калды. Бир жылдан бери химиялык терапия алып келет. Кайрадан шишик пайда болгондуктан учурда да жогорку дозадагы химиялык терапия алып жатат. Түркия өлкөсүндө жасала турган операциянын баасы 99 миң доллар турат.

Убактыбыз өтө аз. Жалгыз уулума жардам беришиңиздерди суранам", - дейт Ринат Асанов.

Рамзандын ата-энесинде операцияга акча каражаты жетишсиз болгондуктан кайрымдуу элден жардам сурайт. Баланын өмүрүнө кайдыгер карабаган жарандар төмөнкү эсеп номурлары аркылуу жардам бере алат.

Оптима банк - 4169 5853 5467 9598

KICB банк - 1285 0400 0054 3346 (доллар менен)
1285 0400 0054 3245 (сом менен)

Сбербанк - 2202 2063 4685 0576

Мбанк - 996706 818 886

О! Деньги - 996706 818 886

kaspi банк - 4400430153048241


кошулду





видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: