Блогер Эртай Искаков эки айга камакка алынды
Блогер Эртай Искаковго карата баш коргоо чарасы катары Бишкектеги СИЗО-1ге эки айга камакка алуу түрү тандалды. Мындай чечимди бүгүн, 17-июлда Сокулук райондук соту чыгарды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Сокулук райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан жарандар 1974-жылы туулган Б.Б., 1972-жылы туулган Б.Б.га карата баш коргоо чарасы каралууда.
Эске салсак, 15-июлда Сокулук районунда блогер Эртай Искаков жана эки тургун жолдорду мыйзамсыз тосууну уюштурган жана бейбаштык кылган деген шек менен кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.