Эстониянын премьер-министри Андрус Ансип Кыргызстанды кызматташууну бекемдөөгө чакырды
Бишкекте бүгүн,
12-декабрда Эстониянын премьер-министри Андрус Ансип “Инвестицияларды өнүктүрүү:
Кыргызстан - Эстония” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө эки мамлекеттин кызматташтыгын
бекемдөөгө чакырды.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
“Кыргызстанда болгонума абдан кубанычтамын. Өз кезинде эстониялык географ, геологдор Ысык-Көлгө келип тажрыйба өтөп кетишкен. Менимче, биздин
алаканы жакшыртууга жакшы пайдубал бар. Анткени тарыхыбызда бири-бирибизди
жакшы тааныган учурлар да болгон.
БУУнун деңгээлинде кызматташып жатып бири-бирибизге ишеним көрсөтө алабыз. Эки мамлекеттин ортосундагы кызматташууну
чыңдоо керек деп эсептейм.
Биздин мамлекет Евробиримдикке кирет жана
2011-жылдан бери евро валютасын колдонуп келебиз. Мамлекеттик карыз дээрлик
жокко эсе”,- деди Андрус Ансип.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















