super.kg logo

Ирандагы хиджаб чыры: Полиция көчөлөрдү жөө кыдыра баштады

 

Иранда коомдук жайларда хиджаб кийүү нормаларынын сакталышын көзөмөлдөө үчүн полиция кызматы унаа жана жөө патрулдарды ишке тартууда. Бул тууралуу Ирандын Tasnim агенттиги жазып чыкты.

Жергиликтүү укук коргоо органдарынын айтымында, мындай иш-чаралар "коомдук биримдикке жана коомчулуктун коопсуздугу үчүн" уюштурулуп жатат. Иранда мыйзам боюнча хиджаб кийүү милдеттүү болгондуктан, полиция кызматкерлери алгач жоолук салуудан баш тарткан аялдарга эскертүү берип, аларга хиджаб кийүүнү сунушташы керек. Эгер полицияга баш ийбегендер катталса, анда полиция кызматкери мыйзам бузгандарга карата "айрым мыйзамдуу чараларды" колдонуп, аларды жоопкерчиликке тарта алат.

Ирандын кылмыш кодексинде айтылгандай, хиджаб кийүүнүн нормаларын сактабагандарга айып пул санылат же 10 күндөн 2 айга чейин камалышы мүмкүн. Ошондой эле аларга административдик чара көрүлүп, мамлекеттик кызматтан кетүү, чет өлкөгө чыгуу жана мүлкүн конфискациялоо сыяктуу жазалар колдонулат. Мындан сырткары, хиджаб кийбөөгө үндөгөндөр бир жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат.

Эске салсак, былтыр сентябрда "туура эмес" хиджаб кийгени үчүн 22 жаштагы Махса Амини кармалып, полиция бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Амининин өлүмүнөн кийин Иранда массалык нааразылык акциялары башталып, бир нече жаран эркинен ажыратылган, айрымдары дарга асылган. Нааразычылыктан кийин иран айымдары хиждабсыз жүрө башташкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.07.2023. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динчилдердин ушул сыяктуу запкысынан светтик коом жапа чекпеш керек. Динчилдик адептүүлүүтү эч бир жогорулатпайт. Сырткы көрүнүш эмес, кылган ишиң маанилүү. Хиджаб адеп ахлакты жогорулатпайт, ал түрмө сыяктуу, кирдиңби болду укугун чектелди. Башын ороп-тумчулануу - кыздардын өзүн өзү барктаган касиетин жоготот.
18.07.2023. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ислам догмалардын артына жамынышып, бирөөнүн кызын басмырлаган динчилдер жакшылык көрбөйсүңөр. Хиджабтын курчоосунда калган кыздар, аялдар коомдо баркталбай калганы ушундан келип чыгат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: