super.kg logo

Түндө Крымга кайрадан 28 дрон чабуул койду

 

18-июлга караган түнү Орусия тарабынан аннексияланган Крым жарым аралына 28 учкучсуз учуучу аппараттын чабуулу орун алды. Бул тууралуу Крымдын башчысы Сергей Аксенов телеграм каналы аркылуу билдиргенин орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, чабуул койгон 28 учактын ичинен 9 учак атып түшүрүлсө, 19 учактын чабуулу радио-электрондук коргонуунун жардамы менен токтотулган.

"Биздин жоокерлерге кызматы үчүн ыраазычылык билдирем. Алар так жана ырааттуу иш алып барышты. Мен баарынан сабырдуу болууну жана такталган маалыматтарга гана ишенүүнү суранам", - деп жазган Крымдын башчысы.

Эске салсак, кечээ, 17-июлга караган түнү Крым көпүрөсүндө жардыруу орун алган. Анын натыйжасында көпүрөнүн жол тилкеси бузулуп, жубайлар каза болуп, кызы жаракат алган. Көпүрөдө унаа кыймылы үзгүлтүккө учурады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: