Кредит алып төлөй албай калгандарга Улуттук банк кандай жардам көрсөтө алат? Төраганын жообу
Улуттук банк мыйзам талаптарына ылайык, карыз алуучу менен насыя берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдик мамилеге кийлигишүүгө укугу жок. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди.
Ал "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, алтын, инфляция, насыялар жана жылдын башка актуалдуу маселелер тууралуу айтып берди.
— Улуттук банк жарандарга кандайча жардам көрсөтө алат?
— Улуттук банктын маанилүү милдеттеринин бири банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо багытында иш алып баруу болуп саналат.
Алсак, күнүмдүк негизде жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана кароо, банктык кызматтардан керектөөчүлөргө консультация берүү боюнча иштер жүргүзүлүп турат, ошондой эле Улуттук банктын жетекчилиги жарандарды жеке кабыл алып, ал эми кызматкерлер жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн телефон аркылуу жана башка байланыш каналдары аркылуу да консультация беришет.
Улуттук банк банктык кызматтарды керектөөчүлөрдүн карыз алуучулар жана кредиторлор ортосунда келип чыккан талаш маселелерди жөнгө салуу механизмдерине жана жолдоруна тиешелүү бардык суроолоруна жооп жөнөтөт.
Улуттук банк мыйзам талаптарына ылайык, карыз алуучу менен кредит берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдик мамилеге кийлигишүүгө укугу жок. Кредит берүүчү менен карыз алуучу ортосунда мамилелер, күрөө коюучу менен күрөө кармоочу ортосунда мамиле сыяктуу эле, жарандык-укуктук мүнөзгө ээ. Мындай мамилелерден улам келип чыккан бардык маселелер тараптардын өз ара сүйлөшүүсү аркылуу же болбосо соттошу жолу менен чечилет.

