Москвада батирлердин бирине жылан кирип келди (фото)



Москва шаарындагы батирлердин бирине бүгүн эртең менен жылан кирип келди. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, жылан жашоочулар ашканада отурганда сойлоп кирип келген. Аны көргөн жашоочулар башка бөлмөгө качып чыккан. Жылан сойлоп барып, кир жуучу машиненин ичине кирип алган.
Жылан кайдан келгени белгисиз. Кыязы, бул бирөөнүн үйүндөгү жылан жана ал үй ээлеринен качып кеткен болушу мүмкүн.
Учурда жашоочулар куткаруучуларды күтүп жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.