Өлкөдө алты ай ичинде 753 баңги кылмышы аныкталып, 5 тоннадан ашык баңгизат алынды





Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 2023-жылдын 6 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгаруу боюнча жыйынга ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев катышты.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 6 айында ички иштер органдары тарабынан 753 баңги кылмышы аныкталып, 5 тоннадан ашык баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды.
Отчёттук мезгилде баңгичиликтин алдын алуу багытында 180ден ашык иш-чара өткөрүлдү.
Ага ылайык, кызматтын жетекчилиги синтетикалык баңги каражаттарынын контрабандасына бөгөт коюу, ошондой эле дары-дармектерди даярдоочу дары лабораторияларын жана компоненттерин аныктоо жана жоюу иштерин күчөтүү боюнча бир катар милдеттерди койду.
"Ишти начар уюштургандыгы үчүн бир нече облустук башкармалыктын жетекчилери жана кызматтын бир катар кызматкерлери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды", - деп айтылат маалыматта.

