super.kg logo

 Чек ара кызматы "Достук-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктундагы кезек күтүүлөр жөнүндө үн катты

 

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, ушул жылдын 10-июлунан баштап “Достук-автожол” өткөрүү жайында жүргүнчүлөрдүн жана транспорт каражаттарынын агымы көбөйгөн. Тактап айтканда, бир сутка аралыгында өткөрүү жайынан 18-22 миң адам өтөт.

Ага ылайык, ушул жылдын алты ай аралыгында “Достук-автожол” бекети аркылуу мамлекеттик чек араны 2 миллион 800 миң адам, 68 миң бирдиктен ашуун транспорттук каражат кесип өткөн. Ал эми өткөрүү жайынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү тынымсыз чек ара көзөмөл жүргүзүүнү эсепке алганда сутка аралыгында 16 миң 400 адамды өткөрүүгө ылайыкталган.

Жарым жыл ичинде өткөрүү жайынын аскер кызматчылары туура эмес документ көрсөткөн 595 жаранды аныкташкан. Ошондой эле "Достук-автожол“ өткөрүү жайынын чек арачылары жалпы суммасы 51 миллион 652 миң сомду түзгөн аткезчилик жүктү кармашкан, анын ичинде алтын буюмдар жана чет элдик валютадагы акча каражаттары да болгон.

Достук-автожол” КӨЖ аркылуу кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын кесип өтүүчү адамдардын жана транспорттук каражаттардын саны олуттуу өскөнү кезек күткөндөрдүн эсеби көбөйгөнгө, ошондой эле Ош облусунун базарларында дүңүнөн соода жүрө турчу күндөрү (шейшемби, ишемби) өткөрүү жайынын алдында жеңил автоунаалардын топтолушуна себепчи болууда", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, туристтик сезон убагы болгондуктан Кыргызстанга кирген, ошондой эле Кыргызстандан Өзбекстанга чыккан туристтердин агымы жогорулган.

Учурда өткөрүү жайында паспорттук көзөмөл жүргүзүүчү 33 кабина орнотулган, алардын ичинен 23ү иштейт. “Достук-автожол” эл аралык КӨЖ күнү-түнү иштейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: