Бишкектеги айрым жашоочулар ичүүчү сууну пайдалануу эрежелерин бузуп жатканы айтылды
Бишкектин айрым тургундары ичүүчү суу менен бак-дарактарын сугарып, сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча коюлган эрежелерди бузууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
“Бишкек суу канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы маалымдагандай, ушул жылдын май айынан 14-июлга чейин 760 эреже бузуу катталган. Алардын 178и шаар ичинде, 447си конуштардагы турак үйлөр. Ошондой эле 135 уюм аталган эрежелерди сактаган эмес.
Ага ылайык, Арча-Бешик конушунда 11-июлдан 13-июлга чейинки 2 күн ичинде эле 50 турак үйдүн ээси сууну пайдалануу эрежесин бузган. Аталган турак үйлөрдүн кожоюндарына эскертүүлөр берилип, калган жашоочуларга ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы абоненттин ичүүчү суусун, эгерде анын сууну эсепке алуучу приборлору жок болсо, анда сууну керектөөчү приборго алып барган түтүктүн кесилишиндеги прибордун жардамы менен эсептейт. Ошондой эле өзүн-өзү каржылаган керектөөчүлөрдүн тарифи боюнча бир ай ичиндеги сутка бою суунун кыймылынын ылдамдыгы боюнча аныкталат.

