super.kg logo

O!PEN AIR 2023 – электрондук музыканын дүйнөлүк легендасы алгачкы жолу Бишкекте!

 

О! Мобилдик оператору жана PROMZONA.space клубу драйвдуу музыканын бардык сүйүүчүлөрүн хэдлайнери болуп атактуу диджей Paul van Dyk (Пол ван Дайк) чыга турган эбегейсиз чоң O!PEN AIR 2023 концертине чакырат.

O!PEN AIR 2023 PROMZONA.space клубунун чоң сахнасында 2-сентябрь күнү саат 15:00дө башталат.

Быйылкы жылдын башкы музыкалык иш-чарасынан электрондук музыканын легендасын жакындан көрүп-угуш үчүн миңдеген киши чогулмакчы!

Paul van Dyk сыяктуу көрүүчүлөргө сонун маанай тартуулоого жөндөмдүү дүйнөлүк саналуу гана ди-джей бар. Paul van Dyk сахнадан эле жеке музыкасын жарата алат, бий аянтындагы маанайга жараша жаңы тректерди ойлоп табууга жөндөмдүү. Вертушканын маэстросу бир нече ирет жылдын мыкты диджейи деп таанылып, көп жылдар бою суроо-талап жогору болгон мыкты аткаруучулардын катарынан чыкпай келет. Грэмми сыйлыгынын көп жолку номинанты өзүнүн музыкасы тууралуу мындай дейт: «Мен өз чыгармачылыгымды кандайдыр бир аталыш менен атоону жана аны белгилүү бир категорияга киргизүүнү каалабайм. Бирок, эгер талап кылынса, анда мен чыгармачылыгымды электрондук бий музыкасы деп атамакмын. Мен үчүн музыка — ой-толгоолорумду чагылдыруунун жолу, менин тилим… Дүйнөнүн төрт бурчундагы бардык өлкөлөрдүн жашоочулары түшүнө алган универсалдуу тил».

Достор, баарыбызды дүйнөлүк деңгээлдеги бий марафону күтөт!

O!PEN AIR 2023 КОНЦЕРТИНЕ БИЛЕТТИ КАНТИП АЛСА БОЛОТ

Билеттер азыртан баштап О!Store дүкөндөрүнөн балансты толуктаган учурда берилет. Билеттер жеткиликтүү болгон O!Store дүкөндөрүнүн даректери менен толук маалымат openair.o.kg сайтында.

  • Балансты бир жолку төлөм менен 500 сомго жана андан жогору суммага толуктаган учурда, сизге +1 билет берилет.
  • Балансты бир жолку төлөм менен 1000 сомго жана андан жогору суммага толуктаган учурда, +2 билет ала аласыз.

Толукталган сумма О! түйүнүнүн уюлдук байланыш кызматтарын төлөө үчүн гана колдонулуп, «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгынын алкагында пайдаланууга жарабайт. Билеттердин саны чектелүү. Бир абонентке 2 билеттен ашык берилбейт. Акция 02.09.2023-ж. саат 15:00гө чейин уланат.

Эскертүү: O!PEN AIR 2023 фестивалына курактык чектөө – 18+.

КР МБТМК караштуу МБА лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧК №16-0062-КР, №16-0063-КР.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: