super.kg logo

"Манас" аэропорту 6 айда 2,5 миллиондон ашуун жүргүнчүнү тейледи

 

"Манас" эл аралык аэропорту жарым жылда 2 миллион 500 миң 522 жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бул көрсөткүч 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 12,6 пайызга көбөйгөн. Анын ичинен 1 миллион 785 миң 621 киши эл аралык каттамдардын жүргүнчүсү, 714 миң 901 ички каттамдардын жүргүнчүсү болгон.

Ага ылайык, жарым жыл ичинде 19 миң 493 каттам ишке ашырылды, бул 2022-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 2,5 пайызга көбүрөөк. Аба каттамдарынын 13 миң 801и – эл аралык, ал эми 5 миң 692си – ички каттамдар.

Аэропорттор боюнча статистика:

- Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропорту 11 миң 90 каттамды тейледи. Анын ичинен 8 миң 237 – эл аралык, 2 миң 853 – ички каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 1 миллион 328 миң 821 кишини түздү: 970 миң 113 – эл аралык, 358 миң 708 – ички каттамдар.

- "Манас" аэропортунун Ош шаарындагы филиалы 8 миң 111 авиакаттамды тейледи. Анын ичинен 5 миң 359 – эл аралык, 2 миң 752 – ички каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 1 миллион 149 миң 624 кишини түздү. 793 миң 758 жүргүнчү эл аралык багыттарга, 355 миң 866 ички каттамдарга туура келет.

- "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту 292 каттамды тейледи: 205 эл аралык жана 87 - ички. Жүргүнчүлөр агымы 22 миң 077 кишини түздү. Алардын 21 миң 750 – эл аралык, ал эми 327 – ички багыттардан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: