super.kg logo

"Аппаратты иштете албай койду". Тургун Оштогу онкологиялык борбордун ишин сынга алды

 

Оштун Кара-Суу районундагы Учар айылынын тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылып, Ош облустук онкологиялык борборунун ишине нааразы болду.

"Таңкы сегизде УЗИге текшерилгени келгем. Мен барганда дагы 20дай аял бар экен. Ишемби иш күнү болчу, келерде да чалып тактагам. Бирок "бүгүн нөөмөттө менмин" деген дарыгерден башка эч ким жок экен. Ал аппаратты иштете албай койду. Күтүп тургула деп саат 10го чейин күттүрдү. Кимге кайрыларыбызды билбей койдук. Кыйналып жаткан бейтаптар бар болчу. Арасында Гүлчөдөн бери атайын келгендер бар эле. Убактыбыз текке кетти деп ыйлагандар канча. Бул дарыгерлердин шалаакылыгы деп билем", - деди тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: