super.kg logo

230 миң адам эвакуацияланган. Кытайдын түштүгүндө күчтүү тайфун катталды (видео)

 

Кечээ, 17-июлда Кытайда саатына 140 чакырымга жеткен Талим тайфуну болду. Бул тууралуу “Синьхуа” агенттиги жазып чыкты.

Маалым болгондой, тайфун Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында катталган. Анын кесепетинен 230 миң адам эвакуацияланган. Жүздөн ашык темир жол жана авиа каттамдар токтотулган.

Кытайдын метрологиялык кызматынын маалыматына караганда, тайфун бүгүн кечке Гуанси-Жуан автономдук районунда катталышы мүмкүн. Ошондой эле Хайнань түштүк арал провинциясында 6 метрлик толкунду пайда кылышы ыктымал.

Кытайдын Транспорт министрлигинин Куткаруу башкармалыгы 11 жогорку сыйымдуулуктагы куткаруучу кеме, 5 тик учак, 46 куткаруучу кеме жана 8 авариялык-куткаруу тобу кырсыктын алдын алуу үчүн даяр турганын маалымдаган.






230 миң адам эвакуацияланган. Кытайдын түштүгүндө күчтүү тайфун катталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: