Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери чөгүп бара жаткан жигитти куткарышты

Маалым болгондой, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун кызматкерлери Артур Ашимбаев, Эркинбек уулу Дүйшөнбек жана полктун Ош шаарынын 3-батальонунун кызматкерлери Баатырали уулу Шерзат жана Эламан Мурзабеков Ысык-Көл облусундагы “Ала-Тоо” эс алуу жайында бүгүн, 18-июлда саат 12:20 чамаларында кызмат өтөө учурунда сууга чөгүп бара жаткан жигитти көрүп, тез арада куткарып калышкан.
Ага ылайык, куткарылган 27 жаштагы жигитке кызматкерлер биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматын чакырып өткөрүп беришкен. Куткарылган жаран Ош шаарынын тургуну болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.