super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Оштогу онкологиялык борборго баргандардын баары УЗИге түшүп кеткен"

 

Бүгүн, 18-июлда Оштун Кара-Суу районундагы Учар айылынын тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылып, Ош облустук онкологиялык борборунун ишине нааразы болгон. Тургун ишемби күнү ооруканада бир эле дарыгер болгонун, ал УЗИ аппаратын иштете албай койгонун айткан.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги ал күнү оорукананын жетекчиси иш ордунда болгонун, бардык бейтаптар УЗИге түшүп кеткенин айтты.

"Онкологиялык борбордун жетекчиси ал күнү иш ордунда эле болгон. Дарыгерлердин бири эмгек өргүүгө кеткен, бири ошол күнү ооруп, жумушка келе албай калган. Буга байланыштуу оорукана башчысы жеке клиникадан атайын бир дарыгерди чакырып келген. Ал аппаратты текшерип, өздөштүргүчө ошончо убакытты алган. Ал жерде 7 бейтап болгон, бирөө оор абалда экен. Алардын баары УЗИге түшүп кетишкен", - деп билдирди министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.07.2023. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушпой эле кетишти,мен лично оз козум менен кордум жалганчылар.Жалал-Абаддан келгендер да бар эле,кеминде 20 бейтап.Мен да тушо албай кеттим
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: