Бишкекте "Ош базардын" айланасындагы мыйзамсыз объекттер тазаланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин катышуусунда мыйзамсыз орнотулган кире бериш топторду демонтаждоо иштерин активдүү улантууда.

Ошондой эле башкармалыктын кызматкерлери Ленин райондук акимиатынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.

Белгилей кетсек, иштин жүрүшүндө Чүй проспектиси боюнча Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишинен баштап Жаш Гвардия бульварына чейинки жалпы аянты 148 чарчы метр болгон 26 бастырма алынды.

"Түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин, мыйзамсыз орнотулган объектилер кожоюндарынын өз ыктыяры менен демонтаждалууда. Буга чейин да башкармалык тараптан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген", - деп айтылат маалыматта.