Кыргызстандыктар 63 мамлекетке визасыз кире алат
Henley & Partners консалтинг компаниясы визасыз саякат мүмкүнчүлүгү боюнча Дүйнөлүк паспорттордун индексин жарыялады. 2023-жылга карата рейтингде кыргыз паспорту 76-орунду ээледи, башкача айтканда, кыргызстандыктар 63 мамлекетке визасыз бара алат. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Жапония беш жылдын ичинде биринчи жолу рейтингде биринчи орунду жоготту. 2023-жылдын үчүнчү кварталында Сингапур биринчи орунду ээледи. Анын жарандары анализделген 227 өлкөнүн ичинен 193 өлкөгө визасыз бара алышат. Германия, Италия жана Испания (190 өлкө) экинчи орунга көтөрүлсө, Австрия, Люксембург, Финляндия, Франция, Швеция, Түштүк Корея жана Жапония (189 өлкө) үчүнчү орунга чыкты.
Ага ылайык, Кыргызстан акыркы беш жылдагыдай эле 76-орунда турат жана бул позицияны Куба, Мозамбик жана Руанда менен бөлүшөт. Кыргыз жарандары 63 мамлекетке визасыз же жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте бара алышат.
"Ал эми коңшу өлкөлөрдө: Казакстан 66-орунда, алардын паспорту 77 өлкөгө визасыз кирүүгө мүмкүндүк берет, Өзбекстан 68-орунда, жарандарына 59 өлкөгө визасыз кирүү ачык, Тажикстан да ушундай эле орунду ээлейт", - деп айтылат маалыматта.



1 |