Килем төшөлүп, кароол тизилип... Садыр Жапаровду Жидда шаарында кантип тосуп алышты? (фото)








Кечээ, 18-июлда президент Садыр Жапаров жумушчу сапардын алкагында Жидда шаарына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Садыр Жапаровду жана делегациянын мүчөлөрүн аба майдандан Меккенин губернатору Халид бен Фейсал Аль Сауд тосуп алды.
Аба майданда килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди.
Белгилей кетсек, мамлекет башчы Жидда шаарында “Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи саммитине катышат. Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.
Ошондой эле сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен жолугушуусу пландалганы айтылды.



