super.kg logo

Аламүдүндө апасы менен кызы эс алуу учурунда сууга түшүп кетти. Аялдын сөөгү табылды

 

Чүй облусунун Аламүдүн районунда апасы менен сууга түшүп кеткен кыз изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу эс алуучу жайда наристе апасы менен сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерине Аламүдүн районунан 3 куткаруучу, Сокулук районунан 5 куткаруучу, жардамга 161 кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Анын натыйжасында куткаруучулар тарабынан А.Э. аттуу аял кишинин сөөгү суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Ал эми кичинекей кызды издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулуп, бүгүн, 19-июлда издөө иштери улантылмакчы.

Кошумча маалымат берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: