Казак ырчысы Say Mo Ысык-Көлдө өткөн концертте сахнага чыгуудан баш тартты
Казакстандык ырчы Say Mo Чолпон-Атадагы "Рух-Ордо" маданий борборунда өткөн Whiteparty Fest фестивалында сахнага чыгуудан баш тартты. Буга уюштуруучу тарап ырчыга гонорарды толук төлөп бербегендиги себеп болгонун казак ырчысы социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Ысык-Көлдөгү ырдоом жокко чыгарылды. Биринчиден, алар гонорардын калган бөлүгүн төлөп беришкен жок. Мен бекер же жарым суммага ырдабайм. Экинчиден уюштуруучулар абийирсиздик кылышты. Алар ал тургай мейманканага дагы төлөшкөн эмес", - деп жазды Say Mo.
Өз кезегинде уюштуруучулар милдеттенмелерин 80 пайызга аткарганын, казак ырчысы жарым саат калганда сахнага чыгуудан баш тартканын билдиришти.
Аталган фестивалга билеттер 3 миң сомдон, 8 миң сомго чейин болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Jigitaliev95

19.07.2023. 13:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга ушуга окшогон ырчыларды чакырбагылачы нормальный адамды чакыргылачы Кайрат Тореали Рахымжан сыяктуу
Jigitaliev95

19.07.2023. 13:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даже бесплатно не надо её концерт
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.