super.kg logo

Климаттык өзгөрүү, логистика... Кыргызстанда окутула турган жаңы беш кесиптин аты аталды

 
Кыргызстанда жаңы 5 кесип даярдала баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 18-июлда 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген коллегиянын жыйынында билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин базасында жаңы инновациялар жана IT медицина университети түзүлөрүн билдирди.
Жаңы окуу мекемесинде климаттык өзгөрүү, урбанистика, жасалма интеллект, логистика жана IT медицина сыяктуу 5 жаңы кесип даярдала турганы айтылды.
Жыйында Иманалиев башталгыч кесиптик билим берүү багытында кыргыз-орус, кыргыз-өзбек, кыргыз-кытай биргелешкен лицейлерин түзүү боюнча меморандумга кол коюлгандыгын жана 8 колледж Алдыңкы тажрыйба борборлору болуп таанылгандыгын кабарлады. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинде М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин борбору ачылгандыгы, ал эми октябрь айында Орусия президентинин Кыргызстанга болгон сапары учурунда Москва мамлекеттик университетинин филиалын Караколдо ачуу жөнүндө келишимге кол коюла тургандыгы маалым болду.
Мындан сырткары билим берүү министри 2024 - жылы Кыргызстандын билим берүү министрлигине 100 жыл толоорун айтып, “Билим бардыгына – мүмкүнчүлүктөр бардыгына!” деген ураан алдында Глобалдык форум өткөрүү мерчемделип жатканын кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: