Теңдиктеги жолго калыңдыгы 2 сантиметр гана асфальт төшөлгөнбү? Башкы прокуратура билдирүү жасады
Социалдык тартмактарда Аламүдүн районунун Теңдик айылынын тургуну жаңы салынып жаткан жолдун айрым жерлеринин калыңдыгы 2 сантиметрден ашпай тургандыгын айтып видео кайрылуу жасаган.
Видеодо айтылган маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөттүн кызматкерлери, конуштун жашоочулары жана арыз ээсинин катышуусу менен текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүдө курулган жолдун узундугу 637 метр, туурасы 7 метр экендиги аныкталган. Асфальттын катмарынын калыңдыгы орточо эсеп менен 6,9 сантиметрди түзгөндүгү, бүгүнкү күндө лаборатория изилдөөсү жүргүзүлүп жаткандыгы белгилүү болду.
"Аткарылган курулуш иштерине айыл өкмөтү тарабынан эч кандай акча каражаты которулуп бериле элек, андыктан бул иштер аталган компаниянын өздүк каражаттарынан каржыланып келген. Келишим боюнча жол куруучу компания жашоочулардын өтүнүчү менен узундугу 630 метр эмес 637 метр, туурасы 6 метр эмес 7 метр жол салган, ал эми асфальттын калындыгы 10 сантиментрге чейин төшөлүп, мыйзам бузуу фактылар аныкталган жок. Жарандарыбыздан коомчулукту адаштырган, такталбаган маалыматтарды таркатуудан алыс болууга чакырабыз", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

