"Алма берип коюшкан". Бишкекте дарыгерлер 7 айлык ымыркайдын өмүрүн сактап калды
Бишкекте аба жетишпей, эс-учун жоготкон 7 айлык ымыркай ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу хирург Калыбек Мыкыев социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
Маалым болгондой, окуя бүгүн, 19-июлга караган түнү болгон. Анда 7 айлык бөбөккө алма беришкен, жыйынтыгында ал эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген.
"7 айлык балага алма берип коюшкан. Аба жетишпей, эс-учун жоготкон. Бүгүн түн ичинде райондон алып келишти. Эки бронхасы алманын калдыктарына толуп калган экен. Кудай буюрса жакшы бүттү, бирок алдыда реабилитация керек. Ата-энелер этият болсоңор", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Мыкыев баланын өмүрүн сактап калуу үчүн бир учурда 6 дарыгер иштегенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.