Түндүк-түштүк альтернативдүү унаа жолунун 159-183-чакырымын куруу иштери аяктады
Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал районундагы Дыйкан жана Кызыл-Жылдыз айылдарындагы, 159-183-чакырымын куруу иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, жалданма компания (подрядчы) тарабынан 24 чакырым жолдун астыңкы жана үстүңкү катмарына асфальтобетон төшөлүп, негизги жолго 53, ал эми съезддерге 31 суу өткөрүүчү түтүктүн, ошондой эле 2 көпүрөнүн курулуш иштери жыйынтыкталды.
"Азыркы учурда жалданма компания жол белгилерин орнотуу, жашыл аянтчаларга айлана турган жерлерди аныктоо, Кызыл-Жылдыз айылында арыктарды коюу иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле, жарыктандыруу жумуштары аткарылууда. Мындан сырткары жолдун 176-чакырымында тротуар оңдолуп жатат. Ушул жылдын 15-ноябрына чейин жолдо кемчиликтер аныкталса, аны жалданма компания оңдойт", - деп айтылат маалыматта.



1 |