super.kg logo

"Кыздар баңгизат салып, аны милиция кармап..." Орусиянын жаранына кутум уюштуруп, акча опузалагандар кармалды

 

Орусиянын жаранынан акча каражатын опузалап талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Ички иликтөө кызматына Орусиянын жараны З.Э. кайрылып, 20-апрелде кафеден Д. аттуу кыз жана укук коргоо органдарынын белгисиз кызматкерлери баңгизатын жабырлануучуга жашыруун таштап, андан соң белгисиз кызматкерлер аны үйүнүн жанынан кармап, кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн коркутуу жолу менен 315 000 сом акча каражатын алышканын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгон.

"Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Т.Д. жана М.А. аттуу кыздар, мурда соттолгон жарандар У.А., Т.Н. жана милиция кызматкерлери менен биргеликте алдын ала сүйлөшүп алышып, баңгизаттарды таштоо жолу менен жарандардан опузалап акча талап кылуу схемасын уюштурушканы аныкталды. Андан сырткары, алар аткара турган ролдорун да бөлүштүрүп алышкан", - деп айтылат маалыматта.

26-июнда жарандар Т.Д., М.А., У.А., Т.Н., ошондой эле ИИМдин аймактык бөлүктөрүнүн милиция кызматкерлери, милициянын кенже лейтенанты Ж.И. милициянын улук лейтенанттары Ч.З. жана Б.Б. кармалышкан.

Учурда күч түзүмдөрүнүн башка тиешеси бар кызматкерлерин тактоо жана иликтөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: