super.kg logo

ЖОЖдорго документ тапшыруунун 1-турунда 25 миңден ашык абитуриент талон таштады

 

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен ЖОЖдордо билим алуу үчүн 26 миң 546 арыз катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин созулган биринчи турда 26 миң 546 абитуриент талон таштаган.

Министрликтин маалыматына ылайык, абитуриенттердин эң көп талону Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине ташталган, анда 3838 абитуриент аталган окуу жайда билим алуу ниетин билдирген. Экинчи орунда 3690 талон менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети турса, Ош мамлекеттик университетине 3352 талон ташталган.

Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер https://2020.edu.gov.kg/vuz шилтемеси аркылуу ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: