"Дисней" компаниясы 100 жылдык маарекесине карата тарыхый көргөзмө уюштурат
Америкалык "Walt Disney" компаниясы 100 жылдык маарекесине карата тарыхый көргөзмө өткөрөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, ушул жылдын 13-октябрында ачыла турган көргөзмөгө Disney компаниясынын тарыхын чагылдырган эмгектер, мультфильмдердин реквизиттери, каармандар, ошондой эле, Marvel компаниясынан чыккан тасмалар жана "Жылдыздар согушу" тасмасынан экспонаттар коюлат.
"Биз абдан кубанычтабыз. Күйөрмандар Диснейдин бай тарыхы, каармандар жана реквизиттер менен тааныша турган күндү чыдамсыздык менен күтөбүз", - деп билдирген уюштуруучулар.
Белгилей кетсек, Дисней компаниясы 1923-жылы 16-октябрда негизделген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:59
2025-06-27
10:59
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.