super.kg logo
  Саясат  

Президент Садыр Жапаров Катардын Эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани менен жолугушту

 

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда Жидда шаарында (Сауд Арабия Падышалыгы) Катар мамлекетинин Эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, аймактык өз ара аракеттенүүнүн келечегин, ошондой эле Катар Эмиринин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Садыр Жапаров кыргыз тараптын, өзгөчө соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда биргелешкен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө даярдыгын жана кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Катардын Эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани Кыргызстанга Катардан конкреттүү тармактарда кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн иликтей турган эксперттик-инвестициялык топ жөнөтүлөрүн билдирди.

Мындан тышкары, Тамим ибн Хамад Аль Тани Садыр Жапаровду Катарга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Ошондой эле алар Кыргызстан менен Катар элдеринин жыргалчылыгы үчүн өлкөлөр ортосундагы биргелешкен кызматташтыкты арттыруу үчүн активдүү саясий диалогду улантууну макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: