super.kg logo

Даун синдромунан жабыркаган Миккинин апасы: "Уулум элге аралашса, сүйлөп кетеби деп көчөгө чыгарганбыз"

 

Таалайбек уулу Ырыскелди Ош облусунун тургуну. Аны көпчүлүгү "Микки" каймана аты менен таанышат. Даун синдрому менен жабыркаган жигит Оштун көчөлөрүндө бийлейт.

Ал эми Ырыскелдинин апасы Саткын Рыспаеванын айтымында, баласы сүйлөсө ырдап эле кетейин дейт.

"Балам сүйлөбөйт, бирок тили болсо эле ырдап эле кетейин дейт. Азыр дагы элге аралашсын, балким, сүйлөп калабы деп атайын көчөгө чыгарганбыз. Негизи Ырыскелди кичинесинен эле ырга жакын болчу, базардан ар кандай дисктерди сатып ала берчү", - деп билдирди Рыспаева.

Ырыскелди Саткын Рыспаеванын алтынчы перзенти. Рыспаевага убагында дарыгерлер баласын баспайт деп да айтышкан.

"Балам 4 жашынан кийин басты. Убагында дарыгерлер аны баспайт деп айтышкан. Азыр да балам бутунун учу менен басат. Биз уулубузду 12 жашына чейин дарылаттык. Кийин дарылар зыян дегенинен токтоттук. Биз барбаган дарыгер калган жок",- деди ал.

Боорукер, тапкан акчасын дагы кичинекей балдарга, тааныбагандарга деле тарата берет делген Микки жөнүндө толук видеону SUPER.KG порталынын YOUTUBE каналынан көрсөңүз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: