super.kg logo

Ак-Ордодогу үрөй учурган кырсык: Фуранын айдоочусу кармалды

 

Ак-Ордо-3 жаңы конушундагы үрөй учурган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы боюнча кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүк ташуучу унаанын 32 жаштагы Т.Ч. аттуу айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Кечээ, 19-июль күнү эртең менен Ак-Ордо-3 конушунда үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Кырсыктан бир аял киши каза болгон. Бишкек шаардык клиникалык "Тез жардам" ооруканасынын директору Алмазбек Кубатбеков SUPER.KG порталына кырсыктан 23 жаран жаракат алганын, алардын төртөөсү жандандыруу бөлүмүндө экендигин билдирген. Ошондой эле 11 адам амбулатордук дарыланууга жаткырылса, калган 8 адам бөлүмдөрдө медициналык жардам алып жатканын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: