Этникалык кыргыздарды ЖОЖдорго кабыл алуу мөөнөтү узартылды
Этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдорго документтерди кабыл алуунун мөөнөтү 19-августка чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-2024-окуу жылына Кыргызстандын ЖОЖдорунда билим алууга чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн 75 квота бөлүнгөн.
Сынакка Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Пакистанда жашаган этникалык кыргыздар катыша алат.
Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2023-2024-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек.
Ошондой эле 19-август саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.

