super.kg logo

"Резонанс жараткан оор кылмыштардын бетин ачуу колго алынсын". Милиция кызматкерлерине бир катар тапшырмалар берилди (тизме)

 

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын быйылкы жылдын алты айына карата ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Ага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Бишкек ШИИББинин башчысы Азамат Ногойбаев жана борбордук аппараттын жетекчилик курамы жана райондук ички иштер башкармалыктарынын башчылары катышты.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, Октябрь Урмамбетов Бишкек ШИИББинин ишмердүүлүгүн “канаттандырарлык” деп таап, ошону менен бирге отчёттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча бир катар кемчиликтер менен жетишкендиктерге токтолду жана ишмердикти чыңдоодо оң натыйжаларга жетишүү боюнча багыттарды атап өттү.

- Бишкек ШИИББинин элдин коопсуздугун камсыз кылуу, жарандардын тынч жана туруктуу жашоосуна шарт түзүүгө багытталган профилактикалык иштерин күчөтүү, кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу, жарандарга сервистик тейлөө көрсөтүүнү жана көйгөйлөрүн жер жерлерде чечүүнү талап кылды.

- Туристтик мезгил учурунда жарандарды жана чет элден келген конокторду, чет элдик инвесторлорду ар түрдүү кырсыктарга учурап калбоосуна бөгөт коюу иштерин күчөтүүнү жана коомдук коопсуздукту сактап, маданияттуу, сылык мамиле кылууну талап кылды.

- Коомчулукта резонанс жараткан оор жана өтө оор кылмыштардын, ошондой эле өткөн жылдардан калган адам өлтүрүү, зордуктоо, адамдын денесине оор залал келтирүү, каракчылык кылмыштардын бетин ачуу колго алынсын.

- Тергөөчүлөр тарабынан берилип жаткан тергөө тапшырмаларынын өз убагында жана толук кандуу аткарылышы көзөмөлгө алынсын.

- Жарандардын ар бир кайрылуусу, көйгөйлүү маселелерин, арыз-даттануулары, кайрылуулары убагында көзөмөлгө алынып, жаап-жашыруу фактыларына бөгөт коюлсун.

- Элге сервистик тейлөө көрсөтүү максатында, Бишкек шаарынын Коомдук коопсуздук кызматынын, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүндө берилген электрондук планшеттерине тез арада өздөрү тейлеген аймактары боюнча маалыматтарды киргизүү иштери жыйынтыкталсын.

- Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын өздүк курам арасында мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти, автоунаа менен жол жүрүү эрежелерин сактоо, тарбиялык, кызматтык жактан даярдоо иштери жана алдын алуу боюнча иш-чаралары ар дайым жетекчилик курам арасында көзөмөлгө алынсын.

Жалпысынан жарым жылдыктын жыйынтыгында Бишкек ШИИББинде жана РИИБдеринде аныкталган кемчиликтер үчүн 65 милиция кызматкери, анын ичинен 18 жетекчи тартип жоопкерчилигине тартылып жана бир жетекчи ээлеген кызматынан бошотулганы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: