"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Арча-Бешиктеги унаа жол түнү менен оңдолду




Буга чейин ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну кайрылган. Ал аталган конушта канализация түтүктөрү өткөрүлгөндөн кийин унаа жол чөгүп жатканын айткан.
Ленин районунун акимиаты бул боюнча 18-июлда комиссия түзүлгөнүн билдирген. Ал эми кечээ, 19-июлда жолду оңдоо иштери башталып, түнү менен унаа жолу оңдолгону маалым болду.
"Кечээ түштөн кийин жолду оңдогонго техника тартылып, түнү менен бүтүрүштү. Ленин акимиатынын тапшырмасынын негизинде подряддык уюм "Дрим Строй" ЖЧКсы жолду оңдоо иштерин жүргүздү", - деп билдиришти акимиаттан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.