super.kg logo

Стокгольмдо Куран китеби өрттөлгөн окуя: Багдадда Швециянын элчилиги өрттөлдү

 

Бүгүн, 20-июлга караган түнү Багдадда чогулган эл Швециянын элчилигинин имаратын өрттөштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, бейшембиге караган түнү Ирактын борбор калаасы Багдад шаарында Швециянын элчилиги радикалдык үгүтчү Муктада ас-Садрдын тарапташтары тарабынан өрттөлгөн. Окуяга Швецияда Куран китебинин дагы бир жолу өрттөлүшүнө каршы чыгуу себеп болгон. Ал эми Швециянын Тышкы иштер министрлиги бир дагы кызматкери жабыркабагандыгын билдирген.

Белгилей кетсек, буга чейин Курман Айт күнү Стокгольмда Куран китеби теги ирактык жаран тарабынан өрттөлгөн. Бул мусулман өлкөлөрү тарабынан катуу сынга кабылган.

Швециянын ТТ маалымат агенттигинин маалыматына караганда, швед полициясына Ирак элчилигинин алдында Куран китеби менен Ирактын желегин өрттөп жиберүү үчүн эки адам кайрылган, алардын бири июнь айында Куранды өрттөп, нааразылык акцияларын жараткан адам экени белгилүү болгон.

Ал эми бүгүн эртең менен Ирак полициясы Швециянын элчилигинин алдындагы Муктада ас-Садрдын тарапташтарын таркатып, элчиликтин аймагын көзөмөлгө алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: