super.kg logo

Ак-Ордодогу жол кырсыгы. Жандандыруу бөлүмүндөгү үч бейтаптын абалы оор

 

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-3 конушунда кырсыкка кабылган маршруттук кичи автобустун 3 жүргүнчүсүнүн абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын директору Алмаз Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, жандандыруу бөлүмүндө жаткан үч бейтаптын бирөөсүнүн абалы өтө оор, экөөнүн абалы оор. Мындан тышкары ал жеңил жаракат алган жүргүнчүлөр үч күндөн кийин үйлөрүнө чыгарыларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, кечээ, 19-июлда жол кырсыктан 1 адам каза таап, 23 жүргүнчү жаракат алып, ооруканага түшкөн. Алардын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө экендигин белгилүү болгон. Ал ми 11 адам амбулатордук дарыланууга жаткырылса, калган 8 адам бөлүмдөрдө медициналык жардам алган.

Эске салсак, кечээ, 19-июлда эртең менен Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда оор жүк ташуучу автоунаа катуу ылдамдык менен келип маршрутканы коюп кеткен видео социалдык тармактарга жарыяланган. Кадрдан жүргүнчү алып жаткан №169 каттамдагы бусту катуу ылдамдык менен келген SCANIA үлгүсүндөгү автоунаа артынан сүзгөнүн көрүүгө болот.

Кийинчерээк Чүй милициясы дагы маалымат таратып, окуя Сокулук районуна карштуу Ак-Ордо-3 конушунда болгонун, Мерседес Бенц үлгүсүндөгү 169-кичи автобусту SCАNIA R-124 үлгүсүндөгү чоң жүк ташуучу машина сүзгөнүн, анын 32 жаштагы айдоочусу кармалганын билдирген.

Учурда кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин "Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу" деген 312-беренеси менен козголуп, тергөө жүрүп жатканы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: