Акыйкатчы Бакыт Аманбаев Улуу Британиянын элчиси Жудит Фарнворт менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Бакыт Аманбаев 12-декабрда Улуу Британиянын элчиси Жудит Фарнворт менен адам укуктары коргоо тармагында кызматташууну кеңейтүү тууралуу сүйлөштү.
Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Жолугушуунун
жүрүшүндө Бакыт Аманбаев Акыйкатчы институтун кеңейтүү пландары менен бөлүштү.
Аймактардагы укук коргоону активдештирүү керектигин баса белгиледи. Ошондой эле аялдардын, ден соолугунун
мүмкүнчүлүгү чектелгендер, жеке ишкерлер жана мигранттардын укуктарын
коргоодогу маселелерге басым жасады.
Өз кезинде Жудит Фарнворт акыйкатчынын
демилгелерин колдоорун жана кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

